Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 апреля №20/5-1
«Абзел» ИСКАКБ жетекчисинин жана жалпы эмгек жамаатынын билдирүүсүн кароо жөнүндө
«Абзел» ИСКАКБ жетекчисинин жана жалпы эмгек жамаатынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн айылдарында ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
-үйгө кран киргизүү үчүн уруксат алуу кагазына-2000 сом
-уруксаты жок үйүнө кран киргизип алгандарга болгон штрафтык толом-5000 сом
-үйүндө краны бар атуулдарга жылдык толом жанга карабай-1000 сом
-көчөдөн суу ташып ичкендерге бир адамга-бир айга 5 сом, бир жылга 60 сом
- үйүнүн ичинен эшигинин алдына кранын чыгарып алгандарга-1000сом
-мончо иштеткендерге, элди тейлеп адамдарды мончого түшүргөндөргө-3000 сом
-үйүндө крандан тамарка сугарып краны күнү-түнү ачык тургандарга-10000 сом
-крандарында винтили жок сууну агызып койгондорго-3000 сом.
2. Ичүүчү таза суу үчүн төлөмдөрдү 2 жыл жана андан жогору убакыт ичинде төлөбөй жүргөн атуулдарга күнүнө 0,05% кошумча пеня эсептелсин, штрафтык төлөмдөрдү 10 күн ичинде төлөбөгөн атуулдарга күнүнө 0,5% кошумча пеня эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |