Загрузка документа…
АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 апрели №20/4
Жоош айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн жайыт комитетинин билдирүүсүн кароо жөнүндө
Жоош айылдык округдун Кеңешинин алдында түзүлгөн жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн шарттуу 1 баш кара малга, жылкыга 87 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 17 сомдон жайыт акы толоо жагы белгиленсин.
2. 2012-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга, жылкыга 400 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 100 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин 2012-жылга түзүлгөн бюджета 222,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Шарттуу мал башына алынуучу салыктарды жыйноо жана жайыттарды үнөмдүү пайдалануусун көзөмөлгө алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетине милдеттендирилсин
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |