Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX отуруму
2015-жылдын 6-февралы № 108
Куршаб айылынын тургуну Исраилов Канузактын арызы жөнүндө
Куршаб айылынын К.Парпиев көчөсүнүн тургуну Исраилов Канузактын менчик огородуна мончо курууга уруксат сурап жазган арызын карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кенешинин (бешинчи шайланган) кезексиз ХIХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айылынын Поворот участкасында элди тейлөө үчүн мончонун жоктугун жана элдин мончого болгон талабын эске алуу менен 1982-жылы Исарилов Раимжанга өзүнүн жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгон жер тилкесине Исарилов Раимжандын уулу Исарилов Канузак Раимжановичке элди тейлөө үчүн мончо курууга уруксат берилсин.
2. Өзгөн райондук архитектурасынан мончо куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер мелиорация, турак жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: | Т.Х. Ахунов
|