Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX отуруму
2015-жылдын 6-февралы № 109
Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 2014-жылдын 20-октябрындагы кезектеги XV отурумунун № 87 токтомуна өзгөртүү киргизилгендигинен ушул токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн тургундарынын арызын талкуулап, Кожомкулов Батырбектин менчигиндеги короо-сарай, бак-дарактары менен айыл чарба багытындагы жерин турак-жай куру багытына өзгөртүү боюнча Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги XIX отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) 2014-жылдын 20-октябрындагы кезектеги XV отурумунун №87 токтомуна өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу ушул токтом жокко чыгарылсын.
2. Кожомкулов Батырбектин сатып алган короо-сарай, бак-дарактары менен айыл чарба багытындагы жерин айыл тургундарынын суроо-талабын эске алуу менен эски сарайдын ордун жеке менчик турак-жай куруу багытына өзгөртүү канааттандырылсын.
3. Тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бекитип берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер, мелиорация, турак-жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Х. Ахунов
|