Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму
2015-жылдын 2-апрели № 111
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу «Береке»мечитинин имамы Маразыков Мубарак ажынын арызы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу «Береке»мечитинин имамы Маразыков Мубарак ажынын 2015-жылдын 4-февралындагы жазган арызын жана А.Камчыбеков көчөсүндөгү Эркебаева Роза Токтосуновнанын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жерин мечит куруу багытына өзгөртүү боюнча 2015-жылдын 18-февралындагы № 203-сандуу макулдук катын карап чыгып, Куршаб айылдык кеӊешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу «Береке»мечитинин имамы Маразыков Мубарак ажынын 2015-жылдын 4-февралындагы жазган арызы канааттандырылсын.
2. А.Камчыбеков көчөсүндөгү Эркебаева Роза Токтосуновнанын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жерин айыл тургундарынын суроо талабын эске алуу менен «Алиев Мамат» атындагы мечит куруу багытына өзгөртүлсүн.
3. Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн Куршаб айылындагы Эркебаева Роза Токтосуновнанын менчигиндеги идн.коду 5-06-11-1001-3855,жалпы аняты 1,278 га жер участогуна «Алиев Мамат» атындагы мечит,медресе курууга уруксат берилсин.
4. Тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Калбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеӊешинин жер,мелиорация,турак жай,жерге жайгаштыруу жаан жаратылышты коргоо боючна.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Х. Ахунов
|