Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму
2015-жылдын 2-апрели № 113
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин эмдөө кызмат акысы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин эмдөө кызмат акысы жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык кызматкерлердин эмдөө кызмат акысы вакцинаны өзү сатып алса же мамлекет тарабынан бекер берилсе да төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленсин:
Жылкы-30
Кара мал-30
Кой, эчки-20
Тоок-5
Ит-50сом
2. Ветеринардык документтерди берүүнүн баасы:
Жылкы, кара мал-10
кой, эчки-5сом
3. Малдарды үйүнө чакыртып дарылоодо ветеринардык кызматкерлер менен мал ээси өз ара келишим баада жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: | Т.Х. Ахунов
|