Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму
2015-жылдын 2-апрели №115
«Таза суу» ИСКАКБнын 2014-жылы аткарылган иштери жана 2015-жылкы бюджетинин иш планы жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнүн аймагындагы Куршаб таза суу ИСКАКБнын аткарып жаткан иштерин карап чыгып Куршаб айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүндөгү таза суу төлөмдөрүнүн өндүрүлүшү төмөн экендиги белгиленсин.
2. Куршаб таза суу бирикмесиндеги штаттык курамын карап, мыйзамга ылайык уюштуруусу Куршаб таза суу ИСКАКБнын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Х. Ахунов
|