Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму
2015-жылдын 2-апрели № 119
Жазгы талаа жумуштарын өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү,
арык тартуу жана башка жумуштардын баасын бекитүү жөнүндө
Жазгы талаа жумуштарын өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу жана башка жумуштардын баасын бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХ отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа жумуштары жетишсиз деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгы эске алынсын.
2. Жазгы талаа жумуштарын өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Калбаевке милдеттендирилсин.
3. Жазгы айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу жана башка жумуштардын баасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, мелиорация, турак-жай, жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: | Т.Х. Ахунов
|