Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куршаб айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX отуруму
2015-жылдын 2-апрели № 122
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү жөнүндө
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын жогорку денгээлде өткөрүү максатында Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) ХХ отуруму:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуууларын жана турмуш шарты оор жалгыз бой оруктун эмгекчилери өз убагында медициналык кароодон өткөрүү, керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүү Ж.Токторбаев атындагы оорукананын башчысына милдеттендирилсин .
2. Жаш жеткинчектерди патриоттуулукка тарбиялоо максатында Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуууларына эскеруу стенддерди , кечелерди, көркөм окуу конкурстарын уюштуруу мектеп жана балдар бакчасынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Улуу Ата-Мекендик согуштун эстелигинин айланасы тазаланып, ондоо-түзөтүү у, жанылоо иштерин, 9-май Улуу Жеңиш күнүн жогорку денгээлде өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Калбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы финансы, бюджет, экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу жана билим беруу, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер боюнча комиссияларына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: |
Т.Х. Ахунов
|