Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты №18/3
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча комиссиянын курамына өкүл көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык комиссиянын курамына депутаттар тарабынан сунушталган талапкерди талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын, "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартибин жөнүндөгү" Жобонун жана депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин регламентине ылайык Жоош айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына №1 алты мандаттуу Большевик шайлоо округунун депутаты Ганыев Искендер сунушталсын.
2. Бул токтом Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |