Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты №18/1
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында участкалык инспекторлордун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Жоош айылдык Кеңешинин №1 Алты мандаттуу Большевик шайлоо округунун депутаты К. Майнаевдин билдирүүсүн талкуулап Депутаттардын Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык Кеңешинин аймагындагы Гайрат-Большевик, Ак-Жар-Орто-Мечит жолдору асфальт болуп жаңыдан бүткөндүктөн, бул жолдо жүрүп жаткан автомобилдер айыл арасында чоң ылдамдуулукта жүрүп жолдо жүргөн атуулдарга, жолду кесип өтүүчү окуучулардын өмүрүнө ото чоң коркунуч туудуруп жатат. Жолдун боюнда жайгашкан Гайрат мектебинин жанына, Агартуу мектебинин жанына, Большевик айылына, Ак-Жар айылындагы Ак-Жар мектебинин жанына "Дети" деген белги коюу менен "Лежащий полицеский" орнотулсун.
2. Жоош айылдык Кеңешинин Маданият-Учкун, Мамажан-Жаңы-Алай жолдорунда жайгашкан көпүрөлөр аркылуу ото оор салмактагы автоунаалар өткөндүктөн көпүрөлөр авариялык абалга келип жол боюндагы үйлөрдүн дубалдары жарылып кеткендиктен бул жол аркылуу оор салмактагы жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынсын жана тыюу салуучу белги орнотулсун. Токтомдун 1 жана 2 пункттары боюнча тийиштүү ишканаларга кат жөнөтүлсүн.
3. Жоош айылдык Кеңешинин аймагындагы Гайрат, Агартуу, Большевик айылындагы окуучулар, Кара-Суу шаарындагы Ленин атындагы орто мектебине барып окуп келгендиктен аларга алынуучу жол акы транспорттун менчигинин түрүнө карабастан 5 сом өлчөмүндө бекитилсин, документтер даярдалып транспорт инспекциясына жана башка тийиштүү ишканаларга жөнөтүлсүн.
4. Жоош айылдык округунун аймагындагы участкалык инспекторлордун аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тийиштүү комиссияларга жөнөтүлсүн.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |