Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №25
Ош шаарындагы маданият тармагынын абалы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Б.Эсенбаеванын Ош шаарындагы маданият тармагынын абалы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, шаарда маданиятты өнүктүрүү жана маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жана иштерин жакшыртуу максатында депутаттардын Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча турукту) депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Б.Эсенбаеванын Ош шаарындагы маданият тармагынын абалы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Oш шаарынын маданият башкармалыгына ( Р.Сатыбалдыев) жумушчу топ тарабынан белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча чара көрүү;
- маданият мекемелеринде аткаруу тартибин талапка жооп берген санитардык абалды, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин камсыздоо:
- жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу жана эффективдүү пайдалануусун көзөмөлдөө:
- чыгармачыл топторго жаны кийимдерди заманбап дизайнди колдонуу жана улуттук колоритти эске алуу менен тиктирүү;
- Г.Айтиев атындагы атайын көркөм сүрөт мектебинин аймагында ачык сүрөт галереясын түзүү маселесин шаардык мэриянын кароосуна киргизүү;
- шаардык борбордук китепканада интернет байланышып камсыздоо жана китеп фондун жаңыртуу жана толуктоо боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин
З. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) шаардын театрлары менен биргеликте макулдашып. мектеп окуучуларды театрларга алып баруу сунушталсын.
4. Ош шаардык мэриясына (М.Ж.Мырзакматов) шаардагы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу багытында иш-чараларды aткаруу:
-шаардык маданият башкармалыгына берилген шаардык аскер комиссариатынын эски имаратын буздуруп, анын ордуна маданият мекемелерин бириктирген жана шаардын көркүн ача турган заманбап маданий борборунун курулушун 2013-жылдын курулуш иштери боюнча планына жана бюджетине киргизүү;
- «Ак-Тилек» кичи районунда шаардык борбордук китепкананын филиалын ачуу:
- №1-С.Бекмуратов атындагы музыкалык мектептин айтагында музыкалык аспаптарды жана окуу куралдарын сатуучу чакан дүкөн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу:
- шаардык маданият башкармалыгынын сунушу боюнча Г.Айтиев атындагы атайын көркөм сүрөт мектебинин аймагында ачык көркөм сүрөт галереясын түзүү, маселесин карап чыгуу;
- 2013-жылдын бюджетине маданият мекемелеринин суроо-талаптарына ылайык алардын материалдык-техникалык базаларын чындоого, ремонт иштерине жана эмеректерди, китепканаларга жаны китептерди сатып алуу үчүн жетиштүү акча каражаттарын кароо тапшырылсын.
5. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депуттартардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комисиясына (Г. Эсенбаевага) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |