Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №26
Мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрайымы Г.Эсенбаеванын мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын Ош шаарында аткарылып жатышы жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Ош жылуулук электр борборунда (А.Аттокуров), Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгында (К.Ташкулов), шаардык аймактык ооруканада (А.Муратов), «Ош шаардык сууканал» муниципалдык ишканасында (Д.Кокочоров), №7-Нариманов (Ф.Шефиева), №41-Х.Абдуллаев (М.Худоярова) атындагы орто мектептерин, «Мээрим» (Г.Базаева) жана «Жомок» (Б.Сабиралиева) балдар бакчаларында мамлекеттик тил боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жана окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн №3-Ломоносов атындагы орто мектепте (Г.Атабаева) мамлекеттик тил жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткарууда кемчиликтерге жол коюлуп жаткандыгы белгиленсин;
- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили жана адабияты сабактарын окуткан мугалимдерди дайындоодо алардын сапаттык курамына көңүл буруу менен формалдуулукка жол бербөө;
№3-Ломоносов атындагы мектепте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын аткарууда орун алган кемчиликтерди жоюуну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
- Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча 2012-жылдын 1-октябрына чейин жазуу түрүндө маалымат депутаттардын Ош шаардык кеңешине берилсин.
3. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов):
- шаардын мекеме-ишканалары тарабынан мамлекеттик тил боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ишке ашырылышын такай көзөмөлгө алуу;
- окутуу орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу багытында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жүргүзгөн ишин шаардык кеңештин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясы менен биргеликте текшерип чыгуу;
- шаарга караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилерин кызматка алууда алардын мамлекеттик тилде сүйлөй жана жаза билишин, мамлекеттик тил мыйзамын канчалык деңгээлде биле тургандыгын эске алуу менен дайындоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамын Ош шаарында ишке ашыруу боюнча атайын иш чаралардын долбоорун иштеп чыгып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна алып чыгуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча комиссияга (Д.Ходжаев):
- мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча шаардагы «Жылуулук электр борборунда», «Мээрим» балдар бакчасында жасалып жаткан үлгүлүү иштерди жайылтуу максатында аталган мекеменин, бала бакчанын базасында семинарларды, көрсөтмөлүү иш чараларды өткөрүү сунушталсын;
- көрнөк-жарнактардын, уран-чакырыктардын, аталыштардын жазылышын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү тапшырылсын.
5. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына ( Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |