Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №11
«Ош шаарынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы, Ош шаарынын 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын, бюджетин жана 2010-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө»
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылга карата кабыл алынган иш планына ылайык «Ош шаарынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы, Ош шаарынын 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын, бюджетин жана 2010-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө» маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасынын 2012-жылдын 21-апрелиндеги №23-буйругунун негизинде түзүлгөн бюджеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо праграммасынын аткарылышы эске алынсын.
2. 2012-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2012-жылга Ош шаарынын шаардык бюджета кирешелери жана чыгашалары боюнча 1 258 099,9 миц сом, 2013-жылга божомолу 1 321 004,9 мин сом жана 2014-жылга божомолу 1 387 055,1 миң сом суммасында №2, №3, №4 жана №5-тиркемелерге ылайык аныкталсын.
4. 2012-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетүүчү чыгымдар №6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджета жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жоготууларын толуктоо үчүн берилүүчү акча каражаты (компенсация) 370 000,0 миц сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. 2012-жылда республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу гранттар 462 436,9 миң сом өлчөмүндө аныкталып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысына жана Социалдык фондуна чегерүү багытына жумшалаары белгиленсин.
8. Шаардык бюджеттин эсебинен шаардагы мектептерде 1-4 класста окутан окуучуларга ысык тамак уюштуруу ( бир балага күнүнө 10 сомдон) жана өз убагында камсыз кылуу жагы шаардык финансы башкармалыгына жана билим берүү башкармалыгына милдеттендирилсин.
9. Шаардагы тейлөө тармагындагы муниципалдык мекемелеринин кирешесин толуктоо максатында Ош шаарындагы А. Сүйүнбаев атындагы стадионго, «Атайын адистештирилген автобаза» муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, «Шаардык сүт ашканасына», Ош шаардык парктар башкармасына, Ош шаардык турак-жай коммуналдык башкармасына жана Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесине №7-тиркемеге ылайык дотация каралсын.
10. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жүргүнчүлүк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүчү компенсация 11 000,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Ош шаарындагы муниципалдык ишканалардын (Ош электр-жарык тармактар ишканасы, Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы, Ош шаарынын жарандарды тейлөөчү ишканасы) кенже тейлөөчү кызматкерлеринин (көчө шыпыруучу, электромонтер, электросварщик, атайын техникалардын айдоочулары) жасаган жумуштарынын көлөмүн, нормадан сырткары иштеген жумуш күндөрүн жана ошондой эле оор жумуш шарттары эске алынып эмгек акылары 2000 сомго көтөрүлсүн.
12. Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2012-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш) каржылануусу белгиленсин.
13. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын казыналыктын регионалдык бөлүмүнөн сырткары колдонууга тыюу салынсын. Белгиленген тартип бузулганда атайын каражаттар 100 пайыз жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
14. Жылдын аягында бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын калдыктары (грант жана спонсордук жардам катары эл аралык уюмдардан түшкөн каражаттардан сырткары) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө которулсун.
15. Жергиликтүү бюджеттин 2012-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылануучу иш чаралар №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2012-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү накталай акчанын суммасы 300,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Шаардын 2010-жылдагы бюджета кирешелер боюнча 926445,0 миң сомго, чыгашалар боюнча 797 826,0 мин сомго аткарылуусу жөнүндөгү отчету бекитилсин.
18. Ош шаарынын мэрине (М. Мырзакматов):
- Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктары 2012-жылга түзүлгөн титулдук баракчаларында каралган объектердин курулуштарына, имараттардын ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын өз убагында пайдаланып, так жана толугу менен аткаруу жагын көзөмөлдөө тапшырылсын.
19. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) тапшырылсын.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 1-тиркеме
| ||
|
| ||
| |||
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев | ||
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 2-тиркеме
| |||
| ||||
| ||||
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев | |||
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 3-тиркеме
|
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 4-тиркеме
|
№ | Кирешелер | Суммасы |
| Салык кирешелери | 461 295,0 |
1 | Киреше салыгы | 185 500,0 |
2 | Милдеттүү патентов негизиндеги салык | 2 493,0 |
3 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 50 000,0 |
4 | Кичи ишкерлерлерден алынуучу бирдиктүү салык | 2 900,0 |
5 | Турак жай мүлкүнөн алуунучу салык | 7 400,0 |
6 | Турак жай эмес мүлктөн алуунучу салык | 46 900,0 |
7 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 26 000,0 |
8 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 5 000,0 |
9 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 650,0 |
10 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 18 000,0 |
11 | Сатуудан түшүүчү салык | 115 000,0 |
12 | Атайын каражаттардан алынуучу салык | 1 022,0 |
13 | Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык | 430,0 |
| Салык эмес кирешелери | 58 420,0 |
14 | Мамлёкеттик имараттарды ижарага берүүдөн акы твлвв | 1 000,0 |
15 | Жерлерден ижарасы үчүн акы төлөө | 8 000,0 |
16 | Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы | 920,0 |
17 | Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар | 1 500,0 |
18 | Автотраспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым | 2 000,0 |
19 | Мамлёкеттик пошлина | 32 000,0 |
20 | Административдик штрафтар | 10 000,0 |
21 | Жерлерди жана материалдык эмес активдерди сатуудан түшкөн кирешелер | 3 000,0 |
| Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо) | 519 715,0 |
22 | Атайын каражаттар | 41 000,0 |
| Жалпысы | 560 715,0 |
23 | Категориалдык гранттар | 462 436,9 |
24 | республикалык бюджеттен кошумча берилген акча каражаттары | 297 853,0 |
| ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 1 321 004,9 |
| ||
|
|
|
|
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 5-тиркеме
|
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 6-тиркеме
|
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | Ош шаарынын мэриясы | 11 862,8 |
2 | Шаардык кеңеш | 3 810,4 |
3 | Ош шаарынын мэриясынын гаражы | 4 581,9 |
4 | Ош шаардык архив башкармасы | 3 525,3 |
5 | Өнөр-жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармасы | 1 320,9 |
6
| Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу комитети | 927,3 |
7 | "Сулайман-Тоо-Ак-Буура" муниципалдык ишканасы | 6 537,2 |
8 | Муниципалдык менчик башкармасы | 6 719,8 |
9 | Шаардык жолдор башкармасы | 1 214,2 |
10 | Жапалак айылдык аймактык башкармасы | 3 255,1 |
11 | Дене-тарбия жана спорт башкармасы | 2 110,0 |
12 | Жаштар иштери боюнча комитетине | 1 659,8 |
13 | Маданият башкармасына | 1 553,3 |
14 | Билим берүү башкармасы | 1 432,0 |
| Жыйынтыгы | 50 510,0 |
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 7-тиркеме
|
№ | Ишканалардын аталышы | Суммасы |
1 | "Спецавтобаза" муниципалдык ишканасы | 5 720,0 |
2 | " Ош шамы" гезитинин редакциясы | 3 000,0 |
3 | Ош Шаарындагы А. Суйунбаев атындагы стадион | 8 500,0 |
4 | "Шаардык сүт ашканасы" муниципалдык ишканасы | 2 000,0 |
5 | Шаардык парктар башкармасы | 3 000,0 |
6 | Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы | 7 460,0 |
7 | Ош шаардык муниципиалдык автоунаа мекемесине | 11 000,0 |
| Жыйынтыгы | 40 680,0 |
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №11- токтомуна № 8-тиркеме
|
(миң сом)
№ п/п | Аталышы | Суммасы |
1 | Афган согушунун катышуучуларынын жана ветерандарынын ар түрдүү иш чараларын өткөрүүгө | 191,5 |
2 | Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюууга катышкандардын, инвалиддердин ар кандай иш чараларына | 407,5 |
3 | Ош шаарынын айлана-чөйрөсүндөгү келемиштерди жапырт жок кылуу акциясына | 660,0 |
4 | Ош шаардык кеңешинин депутаттардын шайлоочуларынын наказдарын аткарууга | 6 750,0 |
; | Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө | 3 500,0 |
6 | ВИЧ СПИД оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө (12 балага) | 144,0 |
* 7 | Ош шаарынын Жапалак аймактык кеңешинин Орке айылынын тургуну Т. Насированын кургак учук оорусу менен ооругандыгына байланыштуу операция жасатуу үчүн (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-январындагы №1-комиссиянын токтому) | 30,0 |
8 | Ош шаарынын тургуну H. Айткулованын сынган бутуна протез жасатуу үчүн (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-январындагы №1-комиссиянын токтому) | 90,0 |
9 | Ош облустык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттун коллегиясынын чечимине ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен "Финанс Кредиттик Банк КАБ" ачык акционердик коомуна кайтарып берүү үчүн (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылды | 742,3 |
10 | Ош шаарындагы №11,12-мектеп интернатында, "Лотос", "Алтын-Уя" балдар үйүндө жана "Боорукердик" интернат үйүндө тарбияланып жаткан бир балага берилүүчү тамак аш нормасына кошумча каражат бөлүп берүүгө (1-апрелден) | 2 036,5 |
11 | Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнун ремонт иштерине | 500,0 |
12 | Ош областтар аралык туберкулезго каршы балдар ооруканасынын оорулууларына санатория-курорттук дарылануусун улантуу үчүн (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 50.0 |
13 | Социалдык коргоо башкармалыгына социалдык психологиялык жактан балдарга жардам көрсөтүүчу борборлорго 4 штаттык бирдикти кармоого | 293,2 |
14 | Ош шаарынын тургундарын ташуучу 2 траллейбустту сатып алууга | 13 000,0 |
15 | Ош шаарынын мэриясынын жана эл аралык байланыштар жана инвестиция тартуу комитетин өкүлчүлүк чыгымдарына | 300,0 |
16 | №30, №66-бала бакчаларга кошумча 1 дефектолог, 0,5 медсестра, 0,5 массажист, 1,25 дене тарбия машыктыруучу кармоого | 262,4 |
№ п/п | Аталышы — | Суммасы |
17 | Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешинин кызматкерлеринин эмгек акыларына 50% жана коммуналдык төлөмдөргө компенсация үчүн (12 айга) (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-токтому) | 4 346,6 |
18 | Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогараж ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акыларына 50% жана ай сайын 2000 сомдон кошумча төлөмдөр (Депутаттардын Эш шаардык кеңешинин 2012-жылдын 24-январындагы №1. комиссиянын токтому) 12 айга) | 1 058,7 |
19 | Эл аралык байланыштар жана инвестиция тартуу комитетинин кызматкерлеринин эмгек акысына 50% жана коммуналдык төлөмдөргө компенсация үчүн (12 айга) Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 303,2 |
20 | Өнөр-жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармасынын кызматкерлеринин эмгек акысына 50% жана коммуналдык төлөмдөргө компенсация үчүн (12 айга) Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 579,8 |
21 | Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөргө компенсация үчүн (12 айга) (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 1 219,4 |
22 | Ош шаардык жолдор башкармалыгынын кызматкерлеринин коммуналдык төлөмдөргө компенсация үчүн (12 айга) | 168,8 |
23 | Шаардык кеңештеги и курьер дик кызматтарды аткаруучуга айлык акы төлөө үчүн (12 айга) жана күйүүчү майлар үчүн (8 айга) | 95,3 |
24 | Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин оргтехникада иштеген кызматкерлерине зыяндуулук үчүн кошумча төлөөгө | 825,7 |
25 | "Сулайман-Тоо-Ак-Буура" муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акыларына 2000 сомдон кошумча төлөмдөр | 1219,4 |
26 | Аймактык кеңештердин төрагаларына жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысына эмгек акысына 4000 сомдон кошумча төлөөгө(12 айга) | 731,7 |
27 | Аймактык кеңештердин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын муниципалдык кызматкерлерине коммуналдык төлөмдөргө компенсация (1000 сомдон 12 айга) | 760,4 |
28 | Аймактык кенештердеги аксакалдар сотторунун торагаларына эмгек акысы үчүн 2000 сомдон төлөөгө (12 айга), 10,0 миң сомго күбөлүк дарядоого жана канцеляриялык чыгымдарга (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 415,8 |
29 | Ош шаардык жаштар комитетинин кызматкерлерине ай сайын 2000 сомдон кошумча толомдор (12 айга) | 319,0 |
30 | Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин аппаратында жана бухгалтериясында иштеген кызматкерлердин эмгек маянасына ай сайын 2000 сомдон кошумча (12 айга) | 338,0 |
31 | Ош шаардык маданият башкармалыгынын аппаратында жана бухгалтериясында иштеген кызматкерлердин айлык маянасына ай сайын 2000 сомдон кошумча (12 айга) (Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 17-апрелиндеги №2-комиссиянын токтому) | 309,6 |
32 | Ош шаардык "Келечек"балдардын чыгармачылык борборунун кызматкерлеринин эмгеь акысына 1000 сомдон кошумча төлөөгө (12 айга) | 56,3 |
33 | Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын бухгалтерия, усулкана бөлүмүнүн кызматкерлерине жана аппараттагы кызматкерлердин эмгек акысына 2000 сомдон кошумча (12 айга) | 1 575,8 |
№ п/п | Аталышы
| Суммасы |
34 | Ош шаарынын билим берүү башкармалыгына караштуу балдар бакчасынын кыргыз-тил сабагынан берген мугалимдерге 1000 сомдон эмгек акысына кошумча төлөм (6 айга) | 379,9 |
35 | Ош шаарынын билим берүү башкармалыгындагы соц, педагокторго 1000 сомдон эмгек акысына кошумча төлөм (6 айга) | 351,7 |
36 | Билим берүү тармактарынын мектептеринин башчыларынын тарбия иштери боюнча орун басарларынын эмгек акыларына 2000 сомдон кошумча төлөмдөр. (6 айга) | 703,5 |
37 | №12-"Крупская" атындагы интернаттын мугалимдерине 1000 сомдон эмгек акысына кошумча толом. | 436,2 |
38 | Ош шаарынын социалдык жактан коргоо башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акыларына 2000 сомдон кошумча телөмдөр (12 айга) жана зыяндуулук үчүн (8 айга) | 1 557,0 |
39 | Ош шаары боюнча мамлёкеттик салык кызматына кошумча 15 штаттык бирдик кармоого | 2 248,6 |
40 | Ош шаардык финансы башкармалыгына жана казыналыктын регионалдык бөлүмүнө кошумча бирден штаттык бирдигин кармоого жана коммуналдык төлөмдөргө (35 штат) компенсация үчүн (12 айга) | 1 500,2 |
41 | Муниципалдык жана мамлёкеттик кызматкерлерди сыйлоого | 2 309,0 |
42 | Ош шаарынын ишкерлерине колдоо көрсөтүүгө | 4 300,0 |
43 | Шаардагы 1 -4-класстардагы мугалимдердин эмгек акысына кошумча төлемдөр -1000 сомдон. (6 айга) | 4 396,9 |
44 | Атайын техника сатып алууга | 32 330,0 |
45 | Ош шаарындагы Аймактык Кенештерге административдик имарат сатып алууга | 10 000,0 |
46 | Ак-Буура дарыясынын жегинде жайгашкан 1000 кубдук диаметр коллекторунун алдын суу жеп кеткендигине байланыштуу таш менен тосуу иштерине (для водопровдной линии в районе АБЗ для строительство подпорной стенки) | 350,0 |
| Баары: | 104 143,9 |
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |