Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №13
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешине Ош шаарынын атуулдарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2011-жылдын 17-ноябрындагы №24-жана 2012-жылдын 24-январындагы №1-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 17-ноябрындагы отурумунун №24-токтомунун негизинде 2 249 540 сом жана 2012-жылдын 24-январындагы отурумунун №1-токтомунун негизинде 12 570 ООО сом каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы | Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын № 13- токтомуна №1-тиркеме
|
-310065 сом акча каражатын Ош шаарындагы №11-12-мектеп интернатында, «Лотос», «Алтын-Уя» балдар үйүндө жана «Боорукердик» интернат үйүндө тарбияланып жаткан бир балага берилүүчү тамак аш нормасына кошумча жергйликтүү бюджеттен 2011-жылдын 18-ноябрь айынан каржылоо үчүн;
-179600 сом акча каражатын Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жаңы ачылган жеке турак-жай курулуш бөлүмүн 2011-жылдын июнь-декабрь айларына каржылоо үчүн;
-130,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын кыскаргандыгына байланыштуу, мекемеде иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын эмгек Кодексинин 83-86-беренелерине ылайык, иштеген 3 айлык эмгек акы жана мекеменин коммуналдык жана сапар чыгымдарын төлөп берүү үчүн;
-29875 сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетинин, оргтехникада иштеген кызматкерлерине зыяндуулук үчүн кошумча төлөнүүчү айлык маянасынын 25 пайыздык өлчөмүн 2011-жылдын 4 айына төлөө үчүн;
-1600,0 миң сом акча каражатын «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинат» муниципалдык ишканасынын күйүүчү жана майлоочу каражаттар боюнча «ЦМДС» жоопкерчилиги чектелген коомунун алдындагы карызын жоюу үчүн.
Жыйынтыгы: 2 249 540 сом акча каражаты
-270,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2012-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №96-үйүнүн өрттөнүп кеткендигине байланыштуу бул үйдө жашаган 9 үй-бүлөөгө 30,0 миң сомдон жардам иретинде;
-100,0 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин 2012-жылдын 1-январына калган калдь1гыньш эсебинен Ош сүрөтчүлөр коомунун живописец сүрөтчүсү Ы.Төлөнөвдун Москва шаарында өтүүчү семинар-симпозиумга барып келүү үчүн;
-2200,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык парктар башкармалыгына, Кытай Республикасынан алынган аттракциондордун бажы төлөмдөрүн жана НДС салыгын жоюу боюнча 5 жылга ссуда катары берүүгө жана 2011-жылда аталган башкармалыкка аттракциондорду сатып алууга берилген 10,0 млн. сом ссуданын кайтаруу мөөнөтүн 5 жылга узартууга макулдук берилсин.
-10,0 млн. сом акча каражатын 2011-жылдын жергиликтүү бюджеттинин ашыкча аткарылган каражаттарынын эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын алдындагы жылуулукка болгон карызын жоюу үчүн.
Жыйынтыгы: 12 570 000 сом акча каражаты.
Баардыгы: 14 819 540 сом акча каражаты
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | З.Сасыкбаев
|