Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №14
Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы жөнүндө
Жобону бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү №-138-08-6 катын жана аталган Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой пикирлерди зеке алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамдардан каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясьша ( Г.Б.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №14 –токтомуна тиркеме
|
Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы жөнүндө Жобо
"Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы" (мындан ары "Кызмат") Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөсү катары түзүлөт.
Кызматтын түзүүчүсү Ош шаарынын Ленин көчөсү-221 дарегинде жайгашкан Ош шаарынын мэриясы болуп эсептелст.
Кызмат юридикалык таран болуп саналат, каржы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге, фирмалык бланкаларга жана моорго ээ, сот органдарында доогерликке жана жооп берүүчүлүккө, атуулдук жүгүртмө иштерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу жол берген бардык келишим-бүтүмдөрдү жасоого укугу бар, ошондой эле өзүнүн милдеттери жана функцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген бардык укуктарды жана милдеттерди аркалайт.
Кызмат өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө маалымат жана жарнаамалык тармакта ишмердүүлүктү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин токтомдорун жана буйруктарын. ушул Жобону жана башка укуктук-ченемдик актыларды жетекчиликке алат.
1.5. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте өзүнүн милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
1.6. Кызмат Түзүүчүнүн милдеттери боюнча жоопкерчилик тартпайт.
1.7. Кызмат озүнүн ишмердүүлүгүн бийликтин жана кызматтардын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле дагы башка уюмдар, бирикмелер жана атуулдар менен өз ара аракетте жүргүзө алат.
1.8. Кызмат Түзүүчү менен макулдашуу аркылуу өзүнүн ишмердүүлүгүн эмгек жамаатынын социалдык өнүгүшүн камсыз кылуу зарылдыгына жана кызмат көрсөтүү талаптарына ылайык пландаштырат. өнүгүүнүн келечегин аныктайт.
1.9. Кызматтын түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүнө тиешелүү бул Жободо көрсөтүлбөгөн бардык маселелери Ош шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
1.10. Кызмат уюштуруу-укуктук формадагы мекеме болуп саналат.
1.11. Кызмат белгиленбеген мөенөткө түзүлөт.
1.12. Кызматтын расмий аталышы:
- Кыргыз тилинде: «Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматы".
- Орус тилинде: "Служба по связям с общественностью мэрии города Ош".
1.13. Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш боюнча кызматынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү - 221.
2.1. Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөсү катары Кызматтын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрү, Ош шаардык кеңеши, Ош шаарынын коомчулугу тарабынан жүргүзүлгөн иштерди кеңири чагылдырууну уюштуруу;
- Ош шаарынын жетекчилигин массалык маалымат каражаттарынын позициясы, прессадагы, теле жана радиоберүүлөрдөгү үн кошуу жана коомчулуктун пикири жөнүндө өз убагында кабардар кылуу:
- Ош шаарынын беделин арттыруу ;
- Ош шаарынын жетекчилигинин объективдүү беделин калыптандыруу;
- Ош шаарынын жетекчилигинин жана Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ыкчам чагылдырууну уюштуруу;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында мэриянын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары менен ез ара аракеттенишүүсүн камсыздоо;
-Жергиликтүү өз алдынча тейлөө органдарынын иштери менен калкты кабардар кылуу маселелерин координациялоо.
3.1. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- массалык маалымат каражаттары, анын ичинде радио жана телевидение аркылуу шаар тургундарына жана Кыргыз Республикасынын атуулдарына Ош шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн, Ош шаардык кеңешинин ишмердүүлүтүн маалымдоо;
- Ош шаарынын жетекчилигинин массалык маалымат каражаттары менен байланышын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык массалык маалымат каражаттарында Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин токтомдорунун жана буйруктарынын жарыяланышын камсыз кылуу;
- Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге, токтомдорго, буйруктарга жана билдирүүлөргө массалык маалымат каражаттарында түшүндүрмө берүү;
- мэрия тарабынан экономикалык жана социалдык, турак-жай-коммуналдык чарба жана башка тармактардагы жүргүзүлүп жаткан саясат боюнча эл арасында коомдук пикириди калыптандыруу;
- Ош шаарынын жетекчилиги, мэриянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрү тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларды маалыматтык жактан камсыздоону уюштуруу;
- Ош шаарынын жетекчилигинин жана шаардык мэриянын түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен маалымат жыйындарын, брифингдерди уюштуруу;
- Ош шаардык кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн, экономикалык жана социалдык, турак-жай-коммуналдык чарба жана башка тармактардагы жүргүзүп жаткан саясатын толук жана обьективдүү чагылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара байланышта болуу;
- Ош шаарынын жетекчилигинин шаардагы объектилерге жана чет өлкөлөргө чыгуулары боюнча массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу;
- Ош шаардык кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам маалыматтарга ээ болуу максатында өз ара байланыш түзүү;
- Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн ыкчам маалымат жасоочу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн координацияоо;
- Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын, ошондой эле чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынын мэрияга, шаардык кеңешке көз карашы боюнча мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө шаардын жетекчилигине маалымдоо;
- Ош шаарынын жетекчилигинин обьективдүү беделин калыптандырууга багытталган иш чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланышын координациялоо.
4.1. Алдыга койгон максаттарды жана тапшырмаларды аткаруу үчүн Кызмат төмөндөгүлөргө укуктууу:
- өзүнүн кызыкчылыгын, милдетин органдар, анын ичинде сот органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар жана юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлөр менен болгон мамиледе сунуштоого жана коргоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган каржы-чарбалык иштерди өз алдынча жүргүзүүгө;
- өз алдынча же өкүлчүлүктүү орган аркылуу каралган тартипте кызматтын ишмердүүлүгүн камсыз кылуучу буюмдарды сатып алууга;
- Мыйзамдарда каралган тартипте грант, инвестиция, заемду, кредиттик жана башка каражаттарды тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Ош шаарынын мэриясынын атынан жараандык-укуктук мамиле түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул жободо каралган чекте мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдардан иш үчүн керектүү маалыматтарды жана материалдарды сурап алууга;
-Кызматтын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө багытталган каражаттын өлчөмүн каралган тартипте аныктоого;
- Ош шаарынын мэриясынын жана анын бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык кеңешинин маалыматтык базасын пайдаланууга;
- Ош шаарынын мэриясынына, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, Ош шаардык кеңешине ар кандай уюмдардан жана жеке тараптардан түшкөн каттар, арыздар, сунуштар жана алардын аткарылышы жөнүндө коомчулукка билдирип турууга жана Кызматтын ишмердигине байланышкан жана башка маселелер боюнча укуктук-ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыгууга;
- Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жетекчилиги өткөргөн жыйындарга, өткөрүлүүчү иш чараларга катышууга;
- маалыматтык саясатты оптималдоо боюнча сунуш менен чыгууга;
- Ош шаарынын жетекчилигинин ар кандай иш-чараларга катышуусунун, ошондой эле массалык маалымат каражаттарына чыгуусунун максатка ылайыктуулугуна баа берүү үчүн талдоо жүргүзүү жана демилге көтөрүүгө;
- Кызматтын компетснциясына кирген маселслерди ишке ашыруу үчүн мэриянын аппаратынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, илимий изилдөө жана башка уюмдардын адистерин алардын жетекчилеринин уруксаты менен тартууга;
- Ош шаарынын жетекчилигинин, мэриянын кызматкерлеринин структуралык жана аймактык органдардын, шаардык кеңештин жетекчилеринин катышуусунда пресс-конференцияларды, кенешмелерди брифингдерди өткөрүүгө;
- массалык маалымат каражаттарына маалымат берүүгө жооптуу Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык кеңешинин кызматкерлеринин ишмердигин координациялоо боюнча кенешме жыйындарды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул жобого жана түзүүчүнүн талаптарына ылайык ез милдетин, жана функциясын аткарууга зарыл болгон бардык иш чараларды жүзөгө ашырууга;
- Кызматтын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка дагы укуктарга ээ болуу;
Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдик, кредиттик, ижаралык, эсептик, салыктык жана башка чарба жүргүзүү эрежелерин аткарат;
- өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына, ущул Жобого жана түзүүчүнүн талаптарына ылайык жүргүзөт;
- Кызматтын ишмердигине байланышкан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте берет;
- Бардык бухгалтердик, ыкчам жана статистикалык эсептерди жүргүзөт, белгиленген тартипте тиешелүү органдарга бекитилген чекте ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү боюнча отчетту белгиленген мөөнөттө берет жана анын тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат;
5.1. Уюштуруучунун менчиги болуп эсептелген мүлк Кызмат тарабынан оперативдүү иш жүргүзүү үчүн бекитилип берилген жана уюштуруучунун алдына койгон максаттарына, милдетине жана тапшырмаларына ылайык пайдаланылат.
5.2. Түзүүчүнүн макулдугу менен Кызмат өзүнүн карамагындагы мүлктү жараксыз деп таба алат .
5.3 Кызмат мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде өз карамагына алат, сактайт жана жооп берет.
5.4. Кызматтын финансылык ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде ишке ашырылат.
5.5. Мүлктөрдү негизги фонддор жана айланып жүрүүчү каражаттар түзөт жана анын жалпы абалы өз алдынча баланста эске алынат.
5.6. Акча каражаттары Ош шаарынын мэриясынын бюджетинен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген гранттардан жана башка булактардан алынат.
5.7. Кызматтын укугу жана интеллектуалдык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
5.8. Кызматтын мүлкүнүн жана акча ресурстарынын булактары:
- жергиликтүү бюджет;
- менчик ээси же өкүлү тарабынан берилген мүлк.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кээ бир булактар.
6. Мекеменин иш аракети жана башкаруу кызматы
6.1. Ош шаарынын мэриясы Кызматтын жогорку органы болуп эсептелинет, Кыргыз республикасынын мыйзамдарынын негизинде. Кызматтын предметтик багытын, максатын, иш жүргүзүү саясатын, аны жоюу, өзгөртүп түзүү, жетекчисин дайындоо иштерин аныктайт. Кызматтын Жобосу депутаттардын шаардык Кенеши тарабынан бекитилет. Чыгашанын жана бюджеттик каражаттардын ал-абалы, Кызматтын штаттык жадыбалы Ош шаарынын мэриясы тарабынан аныкталат.
6.2. Ош шаарынын мэри Кызматтын жетекчисин жумушка дайындайт жана жумуштан алат.
Кызматтын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Жобонун талаптарынын ылайык, Кызматтын иш аракеттерин чагылдырат жана каржылык-чарбалык маселелерин чечет.
- Кызматтын башчысы Кызмат аткарып жаткан иштер боюнча Түзүүчүгө отчет берет.
6.3. Кызматтын жетекчиси:
- Кызматтын иш аракетин жетектейт жана көзөмөлдөйт;
- өз алдынча уюштуруу иштерин жүргүзөт жана финансылык маселелерин чечет;
- Түзүүчү тарабынан тастыкталган чекте мүлктөрдү жана каражаттарды башкарат;
- мамлекеттик жана менчигинин формасына карабай бардык башка ишканаларда Кызматтын кызыкчылыктарын алып жүрөт, Кызматтын атынан келишимдерди түзөт жана алардын аткарылышын камсыз кылат.
- Кызматтын кызматкерлеринин арасындагы иш-милдеттерин бөлүштүрөт жана адистерди тандоону жүзөгө ашырат;
- аракеттеги мыйзамдардын жана ушул Жобонун негизинде Кызматтын атынан келишимдерди, контракттарды түзөт жана ишеним билдире алат.
Кызматтын бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон буйруктарды, жарлыктарды, чечимдерди чыгара алат.
6.4. Жетекчи келбей калган учурда же өзүнүн кызматын аткара албай калган учурда Кызматтын ичинен бир кызматкер жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.
6.5. Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин макулдугу менен Кызматтын жетекчиси Кызматтын кызматкерлерин дайындайт жана өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алып жүргүзөт. Бүт эмгектик мамилелер Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси менен жонгө салынат.
7.1. Кызматтын иш аракеттерин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат. Кызматтын ишмердигин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берилген органдар тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8.1. Бул Жобого өзгөртүүлордү жана толуктоолорду Түзүүчү киргизет.
8.2. Кызмат бул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн долбоорлорду сунуштай алат.
8.3. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын негизинде өзгөртүп түзүлүшү, Ош шаарынын мэриясынын, соттун чечими менен же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка себептерге байланыштуу жоюлушу мүмкүн. Ал жоюлганда иш аракетин токтотот.
8.4. Кызматты өзгөртүп түзүүдө жана жоюуда жумуштан бошотулган кызматкерлердин укуктары жана кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде каралат.
8.5. Кызмат жоюлган учурда анын бардык документтери шаардык архивге өткөрүлөт.
8.6. Түзүүчү тарабынан Кызматты жоюу боюнча түзүлгөн комиссия кызматтын жоюлгандыгы тууралуу чечим чыгаргандан баштап, кредиторлордун талаптары жоюу комиссиясынын макулдугу менен ишке ашат.
8.7. Кызмат жоюлганда анын бардык мүлкү Ош шаарынын мэриясынын карамагына өтөт.
8.8. Кызмат каттоодон өткөн жерге, мамлекеттик реестрге киргизүү жөнүндө жоюу комиссиясы өзүнүн чечимин берген убакыттан баштап Кызмат жоюлду деп эсептелет.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |