Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №15
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145-«Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги №115-08-депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145 «Ош шаарынын пенсионерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 20-январындагы №145 - «Ош шаарынын пенсионерлерин. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын жана аз камсыз болгон жарандарын социалдык колдоо жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2.3. пунктундагы «Үч жылда бир жолу, пенсиясынын өлчөмү 3000 сомдон ашпаган» деген сөздөр «Эки жылда бир жолу, пенсиясынын өлчөмү 4000 сомдон ашпаган» деп өзгөртүлүп, андан ары текст боюнча окулсун;
- 3.4. пунктунун биринчи подпунктундагы «3000 сом» деген сөздөр «4000 сом» деп өзгөртүлсүн жана ушул эле пункттун экинчи подпунктундагы «4 эсептик көрсөткүч» деген сөздөр «5 эсептик көрсөткүч» деп өзгөртүлсүн;
- 3.5. пунктундагы «200 сом өлчөмүндөгү» деген сөздөр «400 сом өлчөмүндөгү» деп өзгөртүлсүн;
- 3.8. пунктундагы биринчи абзацы толукталып, «Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жана катышуучуларынын жеке турак-жайларын капиталдык ремоиттоо үчүн 10.0 мин сом өлчөмүпдө акчалай төлөм жергиликтүү бюджеттин эсебинен. Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгы тарабынан дайындалат» деп окулсун.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы | Т. Сабиров
|
|