Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №16
Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын мындан ары иштөөсү жөнүндө» №197-токтомун жокко чыгаруу тууралу
Ош шаарынын прокуратурасынын 2011-жылдын 18- октябрындагы №11-7д-743-11 депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясында кабыл алынган «Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын мындан ары иштөөсү жөнүндө» №197-токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү жана Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 554/08-06-борбордук базарды «Текстиль» комбинатына көчүрүү маселеси оң жагына чечилгенге чейин убактьшуу иштеп туруусу жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарларына, ошондой эле «Ак-Буура» дарыясын бойлото жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүнө, аларды «Текстиль» комбинатына көчүрүү маселеси он жагына чечилгенге чейин, убактылуу иштеп туруусуна уруксат берилсин.
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2010-жылдын 30-июлунун кезексиз XXIV сессиясында кабыл алынган №197-токтому жокко чыгарылсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
|
|