Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №17
Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 19-апрелиндеги №136/08-6-депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №232-токтому менен бекитилген "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын № 192-Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү токтомундагы комиссиянын курамына өзгөртүү киргизип, комиссиянын жаңы курамын кайрадан бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы XXVII сессиясынын №232-"Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин XXIV сессиясынын №192-Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, агрардык, айыл чарба, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
| БЕКИТИЛДИ" Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексизIII сессиясынын №17-токтому менен
|
1. Мирзаматов Р.М.- комиссиянын төрагасы, өш шаарынын вице-мэри;
2. Кадыров А.У.- комиссиянын төрагасынын орун басары, Ош шаарынын муниципальдык менчик башкармылыгынын башчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Пазилов К.А.- Ош шаардык кеңешинин депутаты;
4. Абдуллаев Д.А.- Ош шаардык кеңешинин депутаты;
5. Айылчиев К.- Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы;
6. Баетов Н.- Ош шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы;
7. Ибраимжанов Б.- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
8. Мирзалиев Ө.- Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары;
9. Нажиев .- Көз карандысыз баалоочу (макулдашуу менен);
10. Шералиев Т.- Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү, (коомдук уюмдардын атынан, макулдашуу менен);
11.Темиров А.Т.- Жеке ишкер (макулдашуу менен).
Комиссиянын катчысы;
Анарбаев А.- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |