Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №18
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуштарынын негизинде, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылга иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылга бекитилген иш планынын аткарьшышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кенешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
| Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги №18-токтомуна тиркеме |
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
|
| ||||||
1. | 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын (ОшЖЭБ, «Жылуулуккамсыздоо» РАӨБси, ОМИ «Ошшаарсууканал», газчарба башкармалыгы, ОшРЭТ, Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмү, капиталдык курулуш башкармалыгы, шаардык жолдор башкармалыгы, шаардык билим берүү башкармалыгы, шаардык аймактык оорукана). | II квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия. |
|
| ||||||
2. | Аймактык кеңештердин жана аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндө | II квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
|
| ||||||
3. | Ош шаарында мекеме-ишканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамынын аткарылышы жөнүндө | II квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, депутаттык этика, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
|
| ||||||
4. | Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2012-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылуусун камсыздоо боюнча отчетун угуу жөнүндө | II квартал | Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
|
| ||||||
5. | Ош шаарынын2011-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын аткарылышы, Ош шаарынын 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасын, бюджетин жана «2010-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө | II квартал | Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
|
| ||||||
6. | Шаардагы маданият тармагынын абалы жана мамлекеттик тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылып жатышы жөнүндө | II квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
7. | Ош шаардык муниципалдык менчик жана мэриянын карамагындагы капиталдык курулуш жана жол башкармалыгынын отчеттору. | II квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
8. | «Шаарсвет» Ош электр жарык тармактар ишканасынын 2011-жылда жана 2012-жылдын өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери боюнча отчету. | III квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия. |
| |||||||
9. | Шаарда жаңы жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | III квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
10. | Жолдоо жүрүүнүн эрежелерин сактоону камсыздоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтарын угуу | III квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, депутаттык этика, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
11 . | 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо Программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету | III квартал | Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
12. | Шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелериндеги шаар калкын медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө | III квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
13. | Шаардын башкы планынын аткарылып жатышы жөнүндө. | III квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
14. | Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар Дирекциясынын ишмердигин кароо. | IV квартал | Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия. |
| |||||||
15. | Ош шаарынын тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерлердин иш сапаты жана ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы, мэриянын өнөр-жай жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү башкармалыгы жана Адилет башкармалыгы тарабынан аткарьшып жаткан иштери жөнүндө | IV квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
16. | Ош шаарында коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө | IV квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, депутаттык этика, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
17. | Шаардагы мектептердин жана балдар бакчалардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана алардагы окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө | IV квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
18. | Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жазгы та-лаа иштеринин жүрүшү, дыйкандарды урук, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу майлар жана жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө. | IV квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| |||||||
| Практикалык иштер |
|
|
| |||||||
1. | Шаарда өткөрүлүүчү иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык кеңештин депутаттары |
| |||||||
2. | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү | Бекитилген график боюнча | Шаардык кеңештин депутаттары |
| |||||||
3. | Шаардык кеңештин сессияларына жана туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарына активдүү катышуу | Иш план боюнча | Шаардык кеңештин депутаттары |
| |||||||
4. | Шаардык кеңештин сессияларына жана туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарына материалдарды жерине чыгуу менен сапаттуу жана көрсөтүлгөн убакытка даярдоо | Иш планга ылайык | Шаардык кеңештин депутаттары, аппарат кызматкерлери |
| |||||||
5. | Шаардык кеңеш кабьш алган токтомдордун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Квартал сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Аппарат кызматкерлери |
| |||||||
6. | Шаардык кеңешке келип түшкөн документтердин өз убагында каралышын жана аткарылышын камсыздоо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Аппарат кызматкерлери |
| |||||||
7. | Жалал-Абад, Бишкек, Токмок, Балыкчы, Каракол, Баткен шаардык кеңештери менен тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүү | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин депутаттары, Аппарат кызматкерлери |
| |||||||
8. | Шаардык кеңештин депутаттарын жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешеси бар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана укуктук ченемдик актылары менен камсыздоо. | Март-апрель | Шаардык кеңештин аппараты |
| |||||||
9. | Шаардык кеңештин депутаттары үчүн атайын окууларды уюштуруу | Квартал сайын | Шаардык кеңештин аппараты |
|
| ||||||
10. | Шаардык кеңештин сессияларын жана туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарын өткөрүүнү уюштуруу | Бекилген иш планы боюнча | Шаардык кеңештин аппараты |
|
| ||||||
11. | Шаардык кеңеш кабыл алган токтомдорду өз убагында аткаруучуларга жеткирүү жана аларды аткаруу жөнүндө маалыматтарды топтоо | Токтомдордо көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык | Шаардык кеңештин аппараты |
|
| ||||||
12. | Шаардык кеңеште аткарылып жаткан иштер жөнүндө жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырып туруу | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
|
| ||||||
13. | Жергиликтүү калкка манилүү деп эсептелген маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Керек болгон учурларда | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
|
| ||||||
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси
Макулдашылды: Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
Т. Сабиров
А. Сыдыков Р. Мирзаматов Н. Сабирова Б. Эргешов Г. Эсенбаева |