ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги үчүнчү сессиясы (үчүнчү чакырылыш)
2012-жылдын 26-апрели № 19
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын санынын жана шаардык кеңештин ишинин көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле партиялык тизме менен шайланган депутаттык фракциялардын кызыкчылыктарын сактоо максатында коомдук негизде иштей турган шаардык кеңештин төрагасынын үч орун басарын шайлоо жөнүндөгү сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-3.1. беренесинин 4-абзацындагы «орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-3.2. беренесиндеги «орун басарын» деген сөз «орун басарларын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-3.3. беренеси төмөнкү редакцияда окулсун: «Шаардык кеңештин төрагасынын жана депутаттык фракциялардын сунушу боюнча төраганын орун басарлары шайланат.»;
-4.2. беренесинин экинчи абзацындагы «орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сздөр менен алмаштырылсын;
-6.1. беренеси «Шаардык кеңештин төрагасынын төрт орун басары болот. Алардын бирөө айлык акы алуу менен, калган үчөө коомдук негизде иштейт. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда төраганын жана депутаттык фракциялардын сунуштары боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат» деп окулсун;
-6.2. беренеси «Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары төраганын тапшырмаларын аткарышат. Төрага жок болгондо же өз милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурларда, анын милдетин айлык акы алып иштеген орун басар аткарат.» деп окулсун;
-6.3. беренесидеги «төраганын орун басары» жеген сөздөр «төраганын орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-6.4. беренеси алынып салынсын.
-7.3. беренесиннин биринчи абзацындагы «орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-7.3. беренесинин экинчи абзацы «Эгерде туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасын шайлоодо добуштар тең болуп, төрага шайланбай калса, төраганы шайлоо маселеси шаардык кеңештин сессиясында чечилет.» деген сүйлөм менең толукталсын.
-19.3. беренесинин биринчи абзацы «Шаардык кеңештин төрагасына» деген сөздөрдөн кийин «анын айлык акы алып иштөөчү орун басарына,» деген сөздөр менен толукталып, андан ары текст боюнча окулсун.
2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттйж комиссиясына (Р.Мырзаматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|