Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №29
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешине, Ош шаарынын атууддарынан жана мекеме-уюмдардан келген жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 22-майындагы №5 жана 2012-жылдын 2-августундагы №8-токтомдорунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 22-майындагы отурумунун №5-токтомунун негизинде 4 429 137 сом, жана 2012-жылдын 2-августундагы отурумунун №8-токтомунун негизинде 5 642 300 сом каражаттарын бөлүп берүүгө №1-тиркемеге ылайык макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын 2012-жылга каралган титулдук баракчасындагы №5-насостук станциядан №3/7 станциясына чейинки суу түтүкчөлөрүн куруп ондоо иштерине каралган 1500,0 мин сом акча каражатын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2012-жылга каралган титулдук баракчасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков)
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин
2012-жылдын 17-августундагы кезектеги
IV сессиясынын №29- токтомуна №1-тиркеме
-1 939215 сом акча каражатын-Ош шаарынын 2012-жылдын бюджетинин ашыкча аткарылган кирешелеринин эсебинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү кошумча 30 инспектордун 2012-жылдын август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларына эмгек маянасы үчүн;
-1,0 млн. сом акча каражатын-Ош шаарынын 2012-жылдын бюджетинин ашыкча аткарылган кирешелеринин эсебинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгына күйүүчү майлоочу каражаттарын сатып алуу үчүн;
-365800 сом акча каражатын-Ош шаарындагы аймактык кеңештериндеги аялдар кеңешинин төрайымдарынын айлык маянасы үчүн;
-128 822 сом акча каражатын-Ош шаардык спорт комитетинин спорт боюнча бөлүм башчы, электрик, короочу-багбан жана системалык-оператор штаттык бирдиктеринин 2012-жылдын май айынан баштап айлык маянасы үчүн;
-61100 сом акча каражатын-Ош шаардык мэриясынын алдындагы Автогараж ишканасына депутаттардын Ош шаардык кеңешине бекитилген кызматтык автомашинасынын кыймылдаткычын алмаштыруу үчүн;
-138600 сом акча каражатын-2012-жылдын бюджетинин ашыкча аткарылган кирешелеринин эсебинен, Ош шаардык спорт комитетинин К.Маркс атындагы көчөсүндө жайгашкан спорт мекгебинин канализациялык коллекторун реконструкциялоо үчүн;
-104700 сом акча каражатын-2012-жылдын бюджетинин ашыкча аткарылган каражаттарынын эсебинен Ош шаар сууканал муниципалдык ишканасына, «Черемушка» кичи районундагы №23,25-жатаканасынын коомдук ажатканасынын канализациялык коллекторун куруу үчүн;
-30,0 мин сом акча каражатын-Ош Мамлекеттик Университетинин доценти Б.Апышевдин дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттен жардам иретинде;
-70,0 мин сом акча каражатын-Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунун жаштары тарабынан уюштурулуп жаткан спорттук залдын ондоо иштерине жергиликтүү бюджеттен жардам иретинде;
-590900 сом акча каражатын-Ош шаарынын мэриясынын «Коомчулук менен байланыш» кызматынын май айынан баштап ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн.
Жыйынтыгы: 4 429 137 сом акча каражаты.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 2-августундагы отурумунун №8-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражатынын тизмеси:
-600,0 мип сом акча каражатын-Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү №8,9,11-үйлөрдү таза суу менен камсыздоо үчүн;
-42300 сом акча каражатын-Ош шаардык мэриясынын автогараж ишканасына, Ош шаарынын вице-мэринин кызматтык автомашинасына тетиктерди сатып алуу үчүн;
-5,0 млн. сом акча каражатын-Ош шаарынын муниципалдык автоунаа базарын куруу үчүн;
Жыйынтыгы: 5 642 300 сом акча каражаты.
Баардыгы: 10 071437 сом акча каражаты
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев
|