Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №30
Ош шаарынын «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын апрель айындагы жаан-чачындын кесепетинен зыян тарткан айыл чарба жерлеринен алынуучу жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2012-жылдын 30-апрелиндеги №116-«2012-жылдын апрель айындагы жаан-чачындын кесепетинен зыян тарткан обьектерге жергиликтүү бюджеттен 248 мин сом акча каражатын карап берүү жана дыйкандарды жер салыгынан, соцфонд төлөмдөрүнөн жана аренда жыйымынан бошотуп берүү жана Тээке, Төлөйкөн, Керме-Тоо айылдарынын тургундарынын 139 га үлүш жерлерин шор суу чыккандыгына байланыштуу жер салыгынан бошотуп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2012-жылдын 22-майындагы №5-токтомунун негизинде, жана Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 343-344-беренелерине ылайык ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 343-344-беренелерине ылайык Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2012-жылдын апрель айындагы жаан-чачындын кесепетинен зыян тарткан 23,88 га жеринен алынуучу 10800 сом жана Тээке, Керме-Тоо Төлөйкөн айылдарынын шор суу баскан 139 гектар жеринен алынуучу 62967 сомдук 2012-жылдагы жер салыгынан бошотууга макулдук берилсин.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгына аталган токтомдун 1-пункту боюнча иш-чараларды камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |