Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №31
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-мартындагы кезектеги XXVI сессиясынын №223 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 7-майындагы №154/08-6- Ош шаардык мэриясындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу турак-жай бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын курамын өзгөртүп бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №1-токтомунун негизинде ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ээлеген кызматтарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2011-жылдын 16-мартындагы кезектеги XXVI сессиясынын № 223-токтомунун №2-тиркемесиндеги турак-жай бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- аталган комиссиянын курамынан Сабиров Т.Н., Асанов А.Р., Хакимов А., Кадыров М.М., Конобаев Н.К., Сайбидинов А.А., Ахмедова Б.Б. чыгарылып, алардын ордуна Мирзаматов P.M., Ишматов Х.М., Турдубай уулу Акылбек, Өмүрзакова Т. Калбеков A.M., Боронбаев К., Пусурова Г.А. киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров
|
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин
2012-жылдын 17-августундагы кезектеги
IV сессиясынын №31 - токтомуна №1-тиркеме
1. Мирзаматов P.M.- Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Абдуллаев Д.А.- Ош шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу менен);
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Ишматов Х.М.- Ош шаардык кеңенешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4. Турдубай уулу Акылбек - Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5. Өмүрзакова Т.- Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6. Калбеков A.M. - Ош шаарынын мэриясынын мунципалдык менчик башкармасынын башчысынын орун басары;
7. Боронбаев К. - Ош шаарынын мэриясынын шааркурулуш, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси;
8. Токошев А. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары;
9. Абылкасымов К.Ж. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын картография секторунун башчысы;
10. Исманова Л. – «Мээрбан» каатчылык борборунун жетекчиси (макулдашуу менен);
11. Салиев КТ. -Ош шаардык ИИБнын башчысынын кадрлар боюнча орун басары;
12. Карыева А. - жабырлануучу (макулдашуу менен);
13. Пазылов Б.Р.- Мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Ош облустук комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу менен);
14. Баратов Б. А.- коррупцияны алдын алуу боюнча дирекциянын коомдук инспектору (макулдашуу менен);
15. Мамашарипов К.М..- Ош шаардык аймактык оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары;
Комиссиянын катчысы:
16. Пусурова Г.А. - Ош шаарынын муниципалдык
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |