Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №32
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №17- Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүдөгү токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №235/08-6- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчилеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №17-токтому менен бекитилген «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №5-токтомунун негизинде ошондой эле сесияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз III сессиясынын №17- Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган комиссиянын курамынан Айылчиев К., Ибраимжанов Б. чыгарылып, алардын ордуна Муратов Т.К., Калмаматов А., Ормонов К.Б., Капаров Т.Т. киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |
Депутаттардын Ош шаардык
кеңешинин 2012-жылдын
17- августундагы кезектеги
IV сессиясынын №32 - токтомуна
№1-тиркеме
1. Мирзаматов P.M. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Кадыров А.У.- Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармасынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Пазилов К.А. - Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4. Абдуллаев Д.А. - Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5. Ормонов К.Б.- Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6. Капаров Т.Т.- Ош шаардык кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7. Муратов Т.К. - Ош шаарынын мэриясынын шаар куру, муниципалдык менчикти башкаруу жана туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы;
8. Баетов Н.Б. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
9. Калмаматов А.- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
10. Каратаева У.- Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
11. Нажиев Ш. - Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
12. Шералиев Т.- Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөсү (коомдук уюмдардын атынан, (макулдашуу менен);
13. Темиров А. - Жеке ишкер (макулдашуу менен)
Комиссиянын катчысы:
14. Анарбаев А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын тоорук өткөрүү жана менчиктештирүү секторунун башчысы,
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |