Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №33
Муниципалдык обьектерден алынуучу ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн 18а үйүнүн тургундарынын аталган үйдүн жер төлөөсүнүн ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн 18а үйүнүн тургундары 2012-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин аталган үйдүн жер төлөөсүнөн алынуучу ижара акысынан бошотулсун.
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн 18а үйүнүн тургундарынын ортосунда түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |