Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №34
Монуев көчөсүнүн курулушуна (Масалиев проспектинен Ак-Буура көчөсүнө чейин) байланыштуу көчөнүн курулуш аймагындагы турак-үйлөрдү бузуп, жолду ачуу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №234/08-6-Монуев көчөсүнүн курулушуна (Масалиев көчөсүнөн Ак-Буура көчөсүнө чейин) байланыштуу көчөнүн курулуш аймагындагы турак-үйлөрдү бузуп, жолду ачуу жана көчүрүлгөн жарандарга компенсация төлөп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №4-токтомунун негизинде ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Монуев көчөсүнүн курулушуна байланыштуу Масалиев проспектинен Ак-Буура көчөсүнө чейин көчөнүн курулуш аймагындагы турак-үйлөрдү бузуп, жолду ачууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- бузулган турак-үйлөрдүн ордуна курулуучу Монуев көчөсү өткөн жерлерди Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жана бузулган турак-үйлөрдүн ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
- Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына (Н.Баетов) курула турган жолду архитектуралык жактан пландаштыруу, долбоордук сметасынын, корутунду жана курулушка уруксат иш кагаздарын даярдоо;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корутунду берүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |