Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №35
Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүн (Навои көчөсүнөн Джим көчөсүнө чейин) кеңейтүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №234/08-6-Кара-Суу көчөсүн кеңейтүү (Навои көчөсүнөн Джим көчөсүнө чейин) жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы отурумунун №4-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүн Навои көчөсүнөн Джим көчөсүнө чейин кеңейтүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- Кара-Суу көчөсү жайгашкан жерди Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
- Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына (Н.Баетов) жол салынуучу жерди архитектуралык жактан пландаштыруу, долбоордук сметасынын, корутунду жана курулушка уруксат иш кагаздарын даярдоо;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корутунду берүү;
- Ош шаарындагы Навои көчөсүнөн Джим көчөсүнө чейинки аралыктагы Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан бузулуучу объектилердин ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңшинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
|
|
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |