Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №36
Ош шаарындагы №6-«Манас-Ата» аймактык кеңешиндеги «Чынар» теректин аймагында эс алуу багын куруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №234/08-6-Ош шаарындагы №6-«Манас-Ата» аймактык кеңешиндеги «Чынар» теректин аймагында эс алуу багын куруу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы отурумунун №4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы №6-«Манас-Ата» аймактык кеңешиндеги «Чынар» теректин аймагында эс алуу багын курууга төмөндөгү иш чаралар милдеттүү түрдө аткарылгандан кийин гана макулдук берилсин:
- Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Кадыров) Ош шаарындагы №6-«Манас-Ата» аймактык кенешиндеги «Чынар» теректин аймагында эс алуу багын Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
- Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына (Н.Баетов) эс алуу багы курулуучу жерди архитектуралык жакган пландаштыруу, долбоордук сметасынын, корутунду жана курулушка уруксат иш кагаздарын даярдоо;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы (А.Калмаматов) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корутунду берүү.
2.Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов) жогоруда айтылган иш чаралардын аткарылышын камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Ош шаарындагы №6-«Манас-Ата» аймактык кенешиндеги «Чынар» теректин аймагындагы эс алуу багы Ош шаарынын муниципалдык менчиги болуп эсептелгенден тартып жана ишке киргизилгенден кийин ал эс алуу багынын аймагына караштуу жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынсын.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |