Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №37
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Ош-Араван жолунун түштүгүндөгү 12 га жер тилкесине муниципалдык автоунаа базарын куруу жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2012-жылдын 24-июлундагы №234/08-6- «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Ош-Араван жолунун түштүгүндөгү 12 га жер тилкесине муниципалдык автоунаа базарын куруу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2012-жылдын 24-июлундагы отурумунун №4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Ош-Араван жолунун түштүгүндөгү 12 га жер тилкесине муниципалдык автоунаа базарын курууга төмөндөгү иш чаралар милдеттүү түрдө аткарылгандан кийин гана макулдук берилсин:
- Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Кадыров) Ош-Араван жолунун түштүгүндөгү 12 га жер тилкесин Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү тууралуу тиешелүү иш чараларды жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартиптин негизинде жер тилкесинин категориясын талапка ылайык өзгөртүү;
- Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгына (Н.Баетов) автоунаа базары жайгашуучу жерди архитектуралык жактан пландаштыруу, долбоордук сметасынын, корутунду жана курулушка уруксат иш кагаздарын даярдоо;
- Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Калмаматов) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корутундусун берүү.
2. «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Ош-Араван жолунун түштүгүндөгү 12 га жер тилкеси Ош шаарынын муниципалдык менчиги болуп эсептелгенден тартып жана муниципалдык автоунаа базары ишке киргизилгенден кийин ал базардын аймагына караштуу жерлерди жеке менчикке сатууга тыюу салынсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |