Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №38
Ош шаарындагы №215А кварталынан өткөн газ түтүкчөлөрүнүн жашоочуларга болгон коопсуздугун кароо жөнүндө
Оштогу газ чарба башкармалыгынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги №313-Ош газ чарба башкармалыгынын коорук зоналарында курулуп калган обьектердин алдындагы газ түтүкчөлөрүн жердин үстүнө чыгаруу үчүн 4,0 млн. сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү катынын негизинде жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасынын буйругу менен бул маселени кароо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун 2012-жылдын 21-июнундагы отурумунун жыйынтыгын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз газ ачык акционердик коомуна Ош шаарынын №215А кварталында жеке менчик турак-жай үйлөрдүн астынан өткөн газ түтүкчөлөрүн коопсуз башка жерге жылдыруу иштерин 2012-жылдын 30-сентябрына чейин бүтүрүүсү жана бул убакка чейин бул кварталды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо жагы сунушталсын.
2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) 215А кварталындагы газ түтүкчөлөрүн башка жерге жылдыруу маселесин Кыргыз газ ачык акционердик коомуна кат менен кайрылып чечүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр-жай байланыш, транспорт жана жылуулук-энергетикалык комплекс маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |