Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-январы №2
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексини ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин талаптарына ылайык айылдык округдун айма-гында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, там арка жана 1-2-3 топтогу мүлк) жер жана мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Жекенди айылдык Кеңешинин Мамлекеттик салык кызматынын Чон-Алай району боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 10-январындагы катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 3-бенесинин талаптарына ылайык, айылдык округдун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, там арка жана 1-2-3 топтогу мүлк) мүлк салыгын киргизүү маселесин айылдык кеңештин 2012-жылдын 20-январында кезексиз сессиясында каралып чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 3-бенесинин талаптарына ылайык, айылдык округдун аймагында (айыл чарба багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, там арка жана 1-2-3 топтогу мүлк) мүлк салыгын киргизүү маселесин айылдык кеңештин 2012-жылдан баштап киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жекенди айылдык кеңешинин Жекенди айылдык кеңешинин онор жай. курулуш, транспорт, соода, байланыш инвестиция энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Калилов |