Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели №5
Жекенди айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга каралган бюджетинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛAT:
1. Жекенди айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин планы 39342.1 мин сомго белгиленип 39021.5 мин сомго же 99.1 % ке аткарылгандыгы менен белгиленсин.
2. Жекенди айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 47236.7 мин сомго, чыгаша бөлүгү 47236.7 мин сомго бекитилсин жана төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлсүн.
-башкаруу аппаратына - 4832.3 мин сом,
-билим берүү-41 442.1 мин сом,
-маданиятка-777.3 мин сом,
-атайын эсепке-185,0 мин сом.
3. Каралган бюджеттин смета-статьялары менен туура чыгымдалышына контролдук кылуу айылдык округунун башчысы Ш.Анапияевке, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Маматовго милдеттендирилсин жана Жекенди айылдык Кеңешинин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода-байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социялдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А. Жакыповко жүктөлсүн.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Калилов |