Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-июну №10
Жекенди айылдык округуна караштуу Ош бажысынын «Кара-Мык өткөрүү» пункутуна жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айылдык депутаттарынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык округуна караштуу Ош бажысынын «Кара-Мык өткөрүү» пункутуна курулуш куруу үчүн Кароол-Дөбө участкасынан 3.30 га жер бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтында айыл тургундарынын жерине зыян келтирилген болсо, тийиштүү документтеринин негизинде конпенсация төлөп берүү жагы эске алынсын.
3. Токтомдун тийиштүү юридикалык документтерин бүткөрүп берүү жана аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык депутаттардын кеңештин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мурзаевге жана Жекенди айылдык округунун жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча башкы адис Р. Гапаровго милдеттендирилсин.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Калилов |