Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-апрели №20
«Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалына караштуу жер тилкелери жөнүндө
«Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынын мүчөсү, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ш.Атазовдун «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалына караштуу негизги жана кошумча имараттарын алардын жайгашкан жер тилкелери менен Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Манас» эл аралык аэропортунун Оштогу филиалына караштуу негизги жана кошумча имараттарын алардын жайгашкан жер тилкелери менен Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагына өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге кайрылуу кат жөнөтүлсүн.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |