Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-июну №17
Кыргыз Республикасынын Президентинин талаптарына ылайык айыл чарба кооперативтерин уюштуруу жана 2011-жылга жер маселелери жана жазгы талаа жумуштарын өткөрүү боюнча даярдыктары жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин пайдаланылышы жөнүндө
1. Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Мурзаев Алматбайдын билдирүүсү эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин талаптарына ылайык айыл чарба кооперативтерин уюштуруу жана 2011-жылга жер маселелери жана жазгы талаа жумуштарын өткөрүү боюнча даярдыктары жана кайра бөлүүштүрүү фондунун жерлеринин пайдалануу боюнча Жекенди айылдык округунун жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адистин (Р.Гапаров) жетишкендиктер менен катар эле кемчиликтер белгиленсин жана аларга тиешелүү чаралар көрүлсүн.
-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
-алардан түшкөн акча каражаты өз учурунда жыйналсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Мурзаевге тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Калилов |