Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-ноябры №25
Жекенди айылдык кеңештин аймагында жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө аткарылган иштер жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык кеңештин аймагында жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүдө аткарылган иштер белгиленсин.
2. Жекенди айылдык кеңештин аймагында жашаган эмгектин ардагерлерине турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жактан жардам көрсөтүүнө колго алуу жагы Жекенди айылдык округунун социалдык коргоо адисине милдеттендирилсин.
3. Жекенди айылдык округуна караштуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамды бөлүштөрүдө комиссиянын курамына айылдык депутаттардан киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
К. Калилов |