Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20 январы №1
Кызыл-Суу айыл округунун башчысы М.Кармышаковдун кайрылуу катындагы Кызыл-Суу айылындагы жашаган тургундары Өлүмгө арналган «Өлүм чыгаруу» аземиндеги салттарга чектөө киргизүү жөнүндөгү маселесин сессияда карап чыгып, Кызыл-суу айылыдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-суу айылдык Округунда жашап жаткан тургундарга «Өлүк чыгаруу» салттарга чектөө киргизилсин.
а) Севет жасоого тыюу салынсын.
б) Чай ичүүрүүгө союуш союлбасын
в) Пайшамбалиги өткөрүлбөсүн.
г) Кырк өткөрүлбөсүн.
2. Алтымыш жашка чейинки жаран өлсө кара ашка (жылкы) бодо мал союулбасын. Алтымыш жаштан өдөсүнө бир баш бодо мал союулсун.
3. Жогорудагы чектөөлөргө баш ийбеген учурларда айылдын молдосуна 1000(мин) сом, айыл башчысына 1000 (мин ) сом, үйдүн ээсине 20000 (жыйырма мин) сом өлчөмүндө айып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык Округунун башчысынын орун басары М. Кожошовго милдеттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Камалов |
Катчысы | А. Кушбаков |