Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-майы № 4
Кызыл-Суу айылдык Округунун жайыттарынын тышкы чек аралар жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айыл Округунун жайыттары Шарк, Савай, Сарай, Отуз-Адыр, Жаны–Арык, Катта-Талдык, Кашкар-Кыштак айылдык Округдары менен чектешет жана чектешкен участкалары боюнча талашуулар, пикир келишпестиктер жок экендигин көрсөткөн 2012-жылыдн 15-апрелдеги актсына ылайык Кызыл-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айылдык Округунун жайыт чек аралары Шарк, Савай, Сарай, Отуз-Адыр, Жаны-Арык, Ката-Талдык, Кашкар-Кыштак айылдык Округдары менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
2. Кызыл-Суу айылдык Округунун жалпы жайыттардын аянтты 7970 га такталсын.
3. Бул токтомдун көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянттын макулдашуу жагы Кара-Суу районунун жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Кызыл-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Камалов |
Катчысы | А. Кушбаков |