Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30 ноябры № 5
1. Кызыл-Суу айылдык аймагындагы айылдар эки бөлүмгө бөлүнсун.
а).Биринчи бөлүмгө Талаа, Корок, Жору айылдары киргизилсин.
б).Экинчи бөлүмгө Чайчи, Алп-ордо, Коргон айылдары киргизилсин.
в) Кызыл-Суу айылдык өкмөтүнүн штаттык ченеминен ашпаган өзгөртүүлөр киргизилсин
2. С.Нышанбаев атындагы орто мектептин кательныйы элдин суроо талабы боюнча баня куру үчүн закон ченемдүү конкурстун негизинде жеке ишкерлерге берилсин.
3. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасы жок болгондуктан келшимдин негизинде күйүүчү май жана автоунааны ремонттоо үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Күзгү эгин эгүү үчүн 2011-жылы гумманитардык жарадам катары берилген 4 тонна уруктук буудайга 2011-жылдын декабрь айында түзүлгөн келишим өз күчүндө калтырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык өкмөтүнө милдетттендирилсин.
Кызыл-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Камалов |
Катчысы | Ө. Эргешалиев |