Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну №22/2
Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө жобого ылайык жана атайын түзүлгөн комиссиясынын маалыматынын жана токтомунун негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүнө, элдердин биримдигин, ынтымакчылыгын бекемдөөгө, жаштарды патриоттуулука, ыймандуулукка тарбиялоого кошкон өзгөчө салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектерин баалап төмөндөгү атуулдарга Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
1. Маматалиева Толгонай - Алай райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери.
2. Туманов Кубанычбекке-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
3. Женалиев Айтибайга-Алай эксакими.
4. Абдуллаев Райымбекке-Ардагер.
5. Исмаилов Кадырбек Бакировичке-Ардагер.
6. Момунов Жаркынбайга-Ардагер.
7. Боронов Кубатбек Айылчыевичке-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.
8. Таиров Болот Эркебаевич-АРИСтин эксперти.
9. Асанов Курсан Сатаровичке-Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министринин орун басары милициянын генерал-майору.
10. Осмонов Алмазбек Абдилаковичке-Алай районунун эксакими.
11. Бокоев Жаныбек Абдраевичке – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Унверситетинин юридикалык институтунун директору, профессору.
12. Эргешбаев Алмазбек Урустамовичке- КРнын ички иштер министирлигинин уюшулган кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары жана түштүк регионунун башчысы милициянын полковниги.
2. Алай районунун “Ардактуу атуулу” наамы берилген атуулдарга берилүүчү иш кагаздарды даярдоо райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кеңештин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М. Жеенбеков |