Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-октябры №22/3
Алай районунун борбордоштурулган китепкананын атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург, Улуу ата мекендик согуштун ардагери Мамат Жакыповдун өмүр баянын, ишмердигин угуп, райондук маданият бөлүмүнүн башчысынын сунушунун жана райондук борбордоштурулган китепкананын жамаатынын жалпы чогулушунун токтомун, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын сунушун угуп жана талкулоонун негизинде Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун борбордук китепканангын аты өзгөртүлүп Мамат Жакыпов атындагы Алай борбордоштурулган китепканасы деп аталсын.
2. Алай районунун борборлоштурулган китепананы аты өзгөртүлүп Мамат Жакыпов атындагы борборлоштурулган Алай китепканасы деп аталгандыгына байланыштуу тиешелүү документтерин, печат жана штамптарын өзгөртүү , юридикалык документтерин тактоо жагы китепканан директору У.Асиловага, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ы.Жаманкуловго, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Т.Кайназаровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М.Жеенбеков |