Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-октябры №22/4
Сары-Таш айылдык кеңешинин 2011-жылдын 6-июндагы № 9/10 токтому менен сунушталган Талдык ашуусуна Боркош Асановдун атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому, Сары-Таш айылдык кеңешинин 6.06.201-жылдагы № 9/10 токтому, Сары-Таш айыл өкмөтүнүн сунушу, Сары-Таш жана Нура айылдарынын жашоочуларынын чогулушунун протоколун жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын макулдук катын анализдеп Алай райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл округундагы Талдык ашуусу Асанов Боркош атындагы Талдык ашуусу деп аталсын жана ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы географиялык аталыштарды кароо комиссиясына сунушталсын.
2. Талдык ашуусу Асанов Боркош атындагы Талдык ашуусу болуп өзгөртүүгө тиешелүү иш кагаздарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы географиялык аталыштарды кароо комиссиясына жөнөтүү тактоо жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнө жана ДЭП -960 ишканасынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзамдуу токтом менен бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Н.М.Жеенбеков
|