Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты №2-5
Сары-Колот айылдык округунун жер боюнча жетектөөчү адиси З.Реджаповдун билдирүүсү жөнүндө
Сары-Колот айылдык округунун жер боюнча жетектөөчү адиси З. Реджаповдун айылдык кеңештин жаны чакырлыштагы депутаттык курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу айылдык округдун аймагындагы жерлерди ижарага берүү, сатуу жана башка жерге тиешелүү маселелерди жөнгө салып, көзөмөл кылуу максатында түзүлгөн туруктуу комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдун аймагындагы жерлерди ижарага берүү, сатуу жана башка жерге тиешелүү маселелерди жонго салып, көзөмөл кылуу максатында түзүлгөн туруктуу комиссиянын төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
1. Т. Шаматов-Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаты,
Комиссиянын төрагасы.
2. 3. Реджапов-Сары-Колот айылдык округунун жер адиси,
Комиссиянын катчысы:
3. Н. Курбанов—Сары-Колот айылдык округунун башчысы
комиссиянын мүчөсү.
4. Б. Батиров—Сары-Колот айылдык кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү.
5. Э. Айтикеев— Шерали айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
6. А. Насиров—Курбан-Кара айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
7. Б. Маткасымов—Мамкаттоо башкармалыгынын адиси,
комиссиянын мүчөсү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары-Колот айылдык округунун жер боюнча жетектөөчү адиси З. Реджаповго жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |