Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-марты №2
Сары-Колот айылдык округунун Сары-Колот айылынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан жайыт жер аянтынын 3 га жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 9-мартындагы Кара-Суу. шаарынын акыр-чикир төгүү үчүн санитардык жана экологиялык талаптарга жооп бере турган жерди ажыратып берүү жөнүндө катын карап чыгып, айылдык кеңештин кезексиз сессиясынын протоколунун негизинде Сары-Колот айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаарынын турмуш тиричилик жактан калкты тейлөө үчүн муктаждык келип чыккандыктан акыр-чикир, таштандыларын төгүүгө Сары-Колот айылдык округунун Сары-Колот айылынын түндүк чыгыш тарабынан 3 (үч) гектар жер аянты көрсөтүлүп берилсин.
2. Ажыратылып берилген жердин ордун чектеп, тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармалыгынан, жана Кыргызмамжер долбоор ишканасынан, Райондук санэпидбекетинен экологиялык талаптарга жооп бере турган кортундуларды даярдап берүү жагы суралсын.
3. Көрсөтүлгөн жердин алынбай калган пайдасын жана чыгашасын төлөө үчүн кызыкдар тарап Шаар башкармасына жүктөлсүн жана жайыт комитетинен уруксат суралсын.
4. «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына өткөрүп берүү үчүн Сары-Колот айыл өкмөтүнөн суралсын.
Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы |
Адраев Э. |