Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-апрели №4
Сары-Колот айылдык округунун башчысы Н. Кубановдун ооз эки кайрылуусу жөнүндө
Сары-Колот айылдык округунун башчысы Н. Кубановдун айыл округунун аймагында атайын көрсөтүлгөн жерлерден сырткары акыр-чикир таштандыларды таштаган жарандарга жазана айып салуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Сары-Колот айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл округунун аймагында атайын көрсөтүлгөн жерлерден сырткары акыр-чикир таштандыларды таштаган жарандарга 5000 (беш миң) сом жазана айып салынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э .Абдраев |