Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №7
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүүнүн баштапкы баасын бекитүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси-башкы адис Т. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып Отуз-адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы ижара баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- 1га сугат жерге - 3800сом
- 1га шарттуу сугат жерге – 2000сом
- 1га кайрак жерге - 300сом
- 1га бакка - 3000сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э. Ташматов)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |