Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №8
Отуз-Адыр айылдык аймагынын 4га кайрак жерин Савай айылдык аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жер адиси-башкы адис Т. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын 4га кайрак жерин Савай айылдык аймагына көрүстөн үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынан Отуз-Адыр айыл округунун картасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (С.Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |