Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №9
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Машраб-Сайды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Отуз-адыр айылдык аймагындагы Машраб-Сай ар жыл сайын сел келип, ичи толуп, жээктери урап, турак жайларга, суулуу жерлерге зыяндарды келтирип жаткандыгына байланыштуу, сайдын андан ары кенейип кетишин алдын алуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Машраб-Сайды ижарага алып иштетүүчүлөр мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин беренелеринин негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдашсын.
Машрап-Сайдын жээктерин сактап сайды пайдалануу боюнча нормативдик талаптарды аткаруу ,типтүү келишимдин негизинде иш жүргүзүү жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбек Базибай уулуна милдеттендирилет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктѳлсун. (С.Атамбиев)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |