Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-октябры №11
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылындагы И.В. Панфилов мектебинин жаны имаратын куруу иштеринин журушунун абалы жөнүндө
И.В. Панфилов мектебинин директору Ч. Сулаймановдун Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылындагы И.В. Панфилов мектебинин жаны имаратын куруу иштеринин жүрүшүнүн абалы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Савай-Арык айылындагы И.В. Панфилов мектебинин жаны имаратын куруу иштери токтоп калгандыгына байланыштуу Отуз-Адыр айылдык кеңешинин атынан Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына кат жолдонсун.
Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан жогорудагы маселени чечүүгө комоктошуу жагы суралсын. (Т. Матраимов)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (К. Джумабаев)
Отуз-Адыр айылдык кеӊешинин төрагасы |
О. Айдаров |